Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Экологиялык фонд

ЭКОЛОГИЯЛЫК ФОНД – жаратылышты коргоо, жаратылыш чөйрөсүн калыбына келтирүү, келтирилген зыяндын ордун толтуруу ж. б. жаратылышты коргоо багытындагы кечиктирилгис милдеттерди чечүү үчүн түзүлүүчү бюджеттен сырткары мамлекеттик фонддор. Э. ф. юридикалык жана жеке жактардан түшкөн каражаттардан түзүлөт, анын ичинде: курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө булгоочу заттарды чыгаруу төлөмдөрү, таштанды менен дагы башка булгоо түрүнө кирген нерселерди жайгаштыруу; экологиялык тартип бузуулар үчүн жазапулдар менен доо боюнча зыян ордун толтуруу каражаттары; дагы башка каражаттар.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: